«28» 02. 2023 – жыл Таш-Башат айылы
Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 6- чакырылыштагы
кезектүү 27 – сессиясынын
№ 6 Т О К Т О М У
«Орток айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо» эрежени бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, Орток айыл аймагынын территориясын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чараларды эффективдүү уюштуруу максатында Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын 27 кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана Орток айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Океновдун «Орток айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо» эрежени бекитүү жөнүндө маалыматы эске алынсын.
- «Орток айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча» эреже №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.
- Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин Агардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын падалануу, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш жана өз алдынча башкаруу боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Субанбеков |