« 14 » 04 2023 – жыл Таш-Башат айылы
Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 6- чакырылыштагы
кезексиз 29 – сессиясынын
№ 1 Т О К Т О М У
Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылы кошумча акча
каражатынан бөлүү жөнүндө
Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичинде акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга кошумча акча каражатынын көлөмү 1785,0 сомго бекитилсин.
- Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын кошумча акча каражатын 1785,0 сомго төмөндөгүдөй статьяларга жумшалсын.
№ | Статья | Мазмуну | Сумма |
1 | 2215 | Башка тейлөө кызматтары | 18,5 |
2 | 3111 | Башка курулмаларды оңдоо | 1766,5 |
Баары | 1785,0 |
- Акча каражатыни которуп берүү жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын .
- Токтомду Ortok.naryn–region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Асанкожоевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.
Төрага К.Субанбеков