Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылындагы “Кабак” участкасынан муктаж жарандарга жер бөлүп берүү жөнүндө

 

28-август  2024-жыл                                                                                                                                                             Дөбөлү  айылы

 

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 24-сессиясынын

    №24/4 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын Дөбөлү  айылындагы “Кабак” участкасынан

муктаж жарандарга  жер бөлүп берүү  жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылынын  “Кабак” участкасынан муктаж жарандарга жер бөлүп  берүү максатында  Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылынын “Кабак” участкасынан муктаж жарандарга жер аянтын бөлүп берүүгө маакулдук  берилсин.

 

  1. 2022-жылы Алыш айылындагы Данияровдорго тиешелүү 0,48 сотых жер аянтын азыркы учурда курулуп жаткан мечитке берилген жердин ордуна Дөбөлү айылынан 0,45 сотых жер, Дөбөлү айыл өкмөтүндө жер маселелери боюнча кезекке турган муктаж жарандарга кошуп биринчи кезекте мечит курууга берген Данияровдорго бөлүнүп берилсин.

 

  1. Кадастр планы бар системалык реестр алган жарандарга 0,25 сотых жер аянты калтырылсын.

 

  1. Калган Дөбөлү айыл өкмөтүндө кезекте турган муктаж жарандарга 12,5 сотыхдан “Кабак” участкасынан айыл өкмөтүнүн карамагындагы бош жер аянттар бөлүнүп берилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                          К. Субанбеков

Leave a Reply