1-август 2024-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин
XXVIII-чакырылышынын кезексиз 23-сессиясынын
№23/1 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга сметада бекитилген
атайын каражаттан каралган акча каражатын кыскартуу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ак-Бел” муниципиалдык ишканасына 2024-жылга сметада атайын каражатка 2290,0миң сом -кызмат көрсөтүүнүң башка классификацияланбаган түрлөрү үчүн акыга бекитилген 2290,0 (эки миллион эки жүз токсон миң ) сом акча каражатынын кыскартуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайбергенов Камчыбек Кадыркуловичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дөбөлү айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
- 2024-жылга сметада “Ак-Бел”муниципиалдык ишканага атайын каражаттан киреше жана чыгашага бөлүгүндө каралган 2290,0 (эки миллион эки жүз токсон миң ) сом акча каражаты айыл өкмөттүн атайын эсеп счетуна түшпөй “Ак-Бел” муниципиалдык ишкананын банктан ачылган эсеп счетуна түшүп калагандыктан кыскартылып берилсин.
- Атайын каражатка каралган акча каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүнөн кыскартып киргизип берүү жагы КРФМ Нарын башкармалыгынан суралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.
Төрага К.Субанбеков