Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Бектемиров Авастын жергиликтүү өкүлдөрдүн жыйынында 2022-жылда айыл аймагында жүргүзүлгөн иши боюнча отчету угуу боюнча өткөрүлгөн жыйындын №1 Протоколу

Дөбөлү  айыл  аймагынын   айыл  өкмөт  башчысы Бектемиров Авастын  жергиликтүү  өкүлдөрдүн  жыйынында 2022-жылда   айыл  аймагында  жүргүзүлгөн   иши  боюнча  отчету  угуу   боюнча  өткөрүлгөн  жыйындын 

№1 Протоколу

 

16.01.2022-ж                                                                                                                                                                                            Дөбөлү  айылы

 

 

Чогулуштун  төрагасы         А. Бектемиров

 

Чогулуштун катчысы:          Ж. Касымова

 

Катышкандар:  Нарын  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  башчысы- Нарын  райондук   мекемелердин  жетекчилери, Дөбөлү  айыл  аймагынын  мекеме  жетекчилери, Дөбөлу  айыл  аймагынын  тургундары болуп, 98 адам  катышты

 

Күн  тартиби:  

 

1 Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  2022-жылы  аткарылган  иштери   боюнча  маалымат

  1. Дөбөлү айыл  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  2023-жылдагы  аткарыла  турган иш  милдеттер

 

УГУЛУДУ:   Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтү   А. Бектемиров кирип  келген  2023-жыл  жаны  жылы  менен  куттуктап,  үй-бүлөдө  бакубат  жашоосун  каалап,   2022-жылдагы   аткарылган  иштери  боюнча  төмөндөгүдөй  маалымат  берди.

Айыл  аймагынын  негизги  иши  аймактын  социалдык –экономикалык  абалын  өнүктүрүү, жергиликтүү  калктын   ар  кандай  муктаждыктарын   терең  изилдеп  чечүү  жана  көмөк  көрсөтүү  болуп  эсептелет..

 – 2023 -жылдын  1-январына  карата 520 чарбалык болуп 2838 калк болду. 2023-жылдын  1-январына   карата  айыл аймагындагы  калктын  өздүк  чарбасындагы  малды  эсепке  алуу  боюнча  санактын  жүрүшү  менен  анализдеп  көргөндө былтыркы  жылга  салыштырмалуу  өсүш болду.  2021-жылда  айыл  аймагынын  социалдык –экономикалык  көрсөткүчтөрүнүн  2022-жылга   салыштырмалуу  аткарылышы боюнча, Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү  боюнча 2022-жылга карата аткарылган иштер боюнча кенири маалымат берди.

Дөбөлү  айыл өкмөтү жергиликтүү калкка тиешелүү документтерди  берүүдө

«Айыл электрондук автоматташтырылган» программа менен иш  алып  баруудабыз.

Себеби: документтерин бүткөрбөгөн үй ээлерине Санарип аймакка киргизүү кыйынчылыкты жаратууда.Тундук  электрондук автоматташтырылган система талаптагыдай иштоодо айыл тургундарына туура тушундуруу менен аракеттерди коруудобуз.

2022-жылдын 11-январь айынан баштап  «СЭД» Электрондук кат алмашуу системасы менен иш алып баруудабыз. Айыл өкмөттүн адистерине интернет туташтырылып берилген. «СЭД»  электрондук программа менен иш алып барууда жогорку органдардан 763 кат кириштелип, Дөбөлү айыл өкмөтүнөн  тиешелүү мекемелерге 756 кат чыгышталган. Арыз даттануу боюнча 34 убагында  жооп берилди.Санарип аймак менен 1035 маалымдамалар берилип,жыл башынан баштап баардыгы 4219 маалымдама берилди. Е-кызмат электрондук программасы боюнча Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүн бардык кызматкерлери өздүк делодогу маалыматтары боюнча толук киргизилди. СЭД электрондук программага айыл башчылардан башкалары доступ болушту.

Айылдык кенешинен 40 токтом кабыл алынып, сайтка жарыяланып юстиция башкармалыгынын реестрине киргизилди

Дөбөлү  айыл  өкмөтүнүн 2022-жылдын 12 айына  киреше бөлүгү 15042,2 мин сомго, атайын каражат 797,0 мин сомго аткарылды

 чыгаша бөлүгү 14884,9 миң сомго аткарылды.

   Киреше бөлүгү

12 айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү салыктардан юридикалык автоунаа бар мекеме жок.Салык агенти төлөөчү киреше-2202,3 мин сом, инохотадан-820,8 мин сом ашык чогулуп, өздүк каражаттын эсебинен мекемелерге 2137,9 мин сомго көмүр сатып алдык.Үлүш жерлеринин салыгы жоюлганына карабастан, өткөн жылдардын карыз үчүн-113,5 мин сом түштү. Ата-энелерден чогултулуучу взнос 2022-жылга-797,0 мин сомго аткарылды,сентябрь айынан взнос 600 сомго көтөрүлүп 135,2 мин сом кошумча план суралган. 22,2 мин сомго аткарылбай калгандыгы,гриппке каршы 16-декабрь бала бакча жабылып калды.

2212– Байланыш кызматы «Нур телеком» Аппаратка Е-кызматына-50,6 мин сом

2214-транспорт кызматы жалпы- 325,4 мин сом: Аппаратка-200,0 мин сом, билим берүүгө-125,5 мин сом

2215-товар жана кызматтарды сатып алуу жалпы-1090,3 мин сом: Аппаратка-624,1 мин сом ,анын ичинен 552,4 мекемелер менен кызматтар үчүн төлөмдөр, 87,7 мин сом-социалдык колдолорго бөлүнгөн акча каражаттар, 15,2 мин сом-китепканага подпискага, 15,0 мин сом маданий иш чаралар үчүн

2217– дары дармек жалпы-6,0 мин сом, аймактын бала бакчаларына- 2,0 мин сомдон

2218– азык-түлүк сатып алуу жалпы 543,4 мин сом-бала бакча Небере-Келечеги-249,5 мин сом, Бала-Нур-73,6 мин сом, Аруу-Тилек-220,4 мин сом.

2221-Ремонт жалпы -130,0 мин сом ичинен: маданият үйүнө көмүркана салуу 100,0 мин сом, Билим берүү тармагына бала бакчаларга-10,0 мин сомдон

2224– Көмүр сатып алуу жалпы- 2137,9 мин сом ичинен: маданият үйүнө-310,4 мин сом, китепканаларга-11,6 мин сом,Билим берүү: мектептерге-1513,2 мин сом, бала бакчаларга-302,6 мин сом.

2721-Электроэнергияга социалдык льгота-386,2 мин сом

3111-имарат ремонттон өткөрү-134,4 мин сом, Токтосунов орто мектебинин спорт зал ондоо; компьютер класс ачуу

3112-Сатып алуу-251,6 мин сом; К.Абиров орто мектеби оргтехника алуу-60,0 мин сом

Китепканаларга-китеп сатып алуу-20,0 мин сом

Билим берүү тармагынын жалпы-171,7 мин сом: бала –бакчаларына-130,0 мин сом  Бала-Нур-50,0 мин сом (холод-к,автомат кир жуугуч), Аруу-Тилек-80,0 мин сом(газ плита холод-к,автомат кир жуугуч), Алыш мектеп-41,7 мин сом(электронасос)

Агрардык өнүктүрүү, кайра иштетүү жана жаратылыш пайдалануу тармагы:

 

  1. Ирригация системасын ондоп түзөө боюнча айыл өкмөттөн 2022-жылдын 29-март айында № 26-б буйругу чыгып комиссия жана иш план түзүлгөн.  Ашар ыкмасы менен  «Чон-Алыш каналынын 6 км, «Кайырма» участогундагы 2 км жер казылып, онолуп, тазаланды.
  2. Айыл аймака  469 га айдоо жер аянттарына айыл чарба өсүмдүктөрү себилди.
    – Кылкандуу дан эгин-160 га, түшүмдуулугу 23 ц/га, дун тушум-368 тн
    – Картошка-98 га, тушумдуулугу-165 ц/га, дун тушум 1617 тн
    – жашылча-2,0 га,тушумдуулугу-120ц/га, дун тушум-24 тн
    -КЖЧ-639га,45ц/га, дун тушум-2875,5 тн
    – БЖЧ-195га, тушумдуулугу-35 ц/га, дун тушум 682,5 тн
  1.  Мөмө-жемиш дарактарынын көчөттөрүнүн санын көбөйтүү максатта  10 жана 6 сотых айдоо жер аянттарына  «BIO-KG» коому тарабынан «Календула», «Мышык тамыры» дары чөптөрү жана 120 түп карагаты тигилди.
  2.  2022-жылы ФПЗтын  139 га аянт жер  ижарага  берилди мунун ичинен  21 ижарачы   так айтканда 25,2 га жерден  баш тарткан.  Ижарага  113,8 га жер берилип сумма 118,4 мин сомду түздү.
  3. 2023-жылга айыл аймактагы  айыл чарба багытындагы мамлекеттин фондусунун 167,0 га сугат  баскан жерлеринин 50 % так айтканда 83,5 га жер аянты мамлекетке бөлүнүп берилди.
  4. Жер мунапысы боюнча  2022-жылдын 1-ноябрына аймак боюнча 19 жарандан арыз алынып комиссия түзүлүп  кароого жиберилген.
  5. Кунарсыз падаланбай калган жер аянттарынын иштетүүсү, пром зоналарды пландоо менен мыйзамдаштыруусу боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу «Сейил-Булак»участкосынан мамлекеттик кызматкерлер үчүн турак жай курууга 0,8 га жер берилди.

Айыл тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча 2022-жылдын ноябрь-декабрь айларында Дөбөлү айылында комиссия түзүлүп, эски гараждын  күн батыш тарабындагы жерди 0,15 га жер аянттан 15 үй – бүлөгө бөлү боюнча иш жүрүүдө.

Калктуу конуштарынын санитардык, экологиялык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу, көрктөндүруу жумуштарын жүргүзуу боюнча

 

2022-жылдын 2-апрель айында №16-6 буйрук чыгып, иш-план тузулгөн.

Жашылдандыруу, көрктөндүрүү жумуштарын жүргүзүү боюнча бак-дарак отургузуу  маданият үйлөрдүн, кесиптик лицейдин аянттарына  жалпы 334 түп анын ичинен 110 түп ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду.  Багуу жана сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

2022-жылы 3-айлык ишембиликке айыл өкмөт тарабынан 200 адам катышып, 20  тн таштанды чыгарылып, 50 га жер аянты тазаланып, 3200 сомго иш аткарылды.

Азыркы күнү  Дөбөлү айылынын таштанды полигонунун жер аянтын коруу боюнча проект өткөрүлдү.

Жалпы ондурулгон акча каражаты 210750 сом болсо, кеткен  чыгым 211468 сомду  тузуп,  иштеген  жумушчулардын   эмгек  акысын   толук  толоого мумкунчулук  болбой жатат, себеби суу  пайдалануучулар  тарабынан  кайдыгерлик  кылып  ичкен  суусуна  толобой  келуудо.

Афган согушунун катышуучулары-4

Баткен коогаланынын катышуучулары-5

Улуу Ата Мекендин тылда эмгектенген-2

Баатыр-эне-51

Томолой жетим-3, жарым жетим-26

18-жаштка чейинки бала кезинен майып балдар-26

1-топтогу майыптар-9

Туберкулез менен ооруган-5

Аз камсыз болгон үй-бүлө-122

Турмуштук оор кырдалга кабылган балдардын маалымат базасы:

-Камкорчу көзөмөл-16 бала, камкорчу майыптуулугу бар -17,томолой жетим-2,жарым жетим-24,социалдык жетимдер-2.

-Эмгек мигрантынын балдары: – сырткы-3 бала, ички-18бала.

-Ден –соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки -25 бала

Кыргыз Республикасынын ар тараптуу программаларынын негизинде аймагыбызда айыл окмот кызматкерлери, китепкана жетекчилери, музей башчы, маданият кызматкерлери, билим беруу тармагында эмгектенгендер, окуучулар, лицей окуу жайынын жамааты жана ФАП кызматкерлери тарабынан тегерек столдор уюштурулуп, семинарлар өтүлдү

№30  Кесиптик  лицейде.

Жаныбарларды ветеринардык кароо боюнча оператор, жеке компьютердин оператору, токойчу –егерь, компьютерлерди жана офистик каражаттарды ондоочу жана тейлөөчү мастер,ашпозчу, электр жана газ менен ширетүүчү адистиктери боюнча курстар ачылган.

Областагы кесиптик лицейлер арасында 2022-жылы өткөрүлгөн «Мыкты лицей» конкурсунда 3-оорунду камсыздалды.

Мал чарба жана ветеринария боюнча

Дөбөлү айыл аймагында ветеринардык тейлөө кызматы боюнча 1-ветеринардык адис,4-Жеке вет сервис,1-ПИО иш алып барат. Ветеринардык кызматтарды уюшкандыкта өз учурунда аткарууга баардык шарттар түзүлгөн. Айыл аймагы боюнча1-купка,2-раскол,1-ветеринардык клиника курулуп азыркы учурда мал жандыктарды  ветеринардык тейлөө талапка ылайык жүргүзүлүүдө.  Аймакта 4-баш асыл тукум букалар алынып келинип төл алынууда. 36 баш асыл-тукум уй,3-баш бука катоодо турат. Жалпысынан аймактын эпизоотиялык абалы  жугуштуу ылаӊдардан таза жана туруктуу.

2 маданият үйү; 3  китепкана, 1 музей бар.

   –  2022 жылга. музейге демөөрчү  болуп Калназаров Кайып  агайдын  балдары  тарабынан  350000 сомго  ички ремонт  иштери өткөрүлдү .К.Калназаров ысымы музейге берилип, райондук денгээлде семинар өттү.

«Шырдак фестивалы», «Этно айыл» фестивалдары райондук иш чаралар болуп өттү.

Дөбөлү  айыл аймагындагы   китепканалардын  Кыргыз эл акыны Б. Сарногоевдин 90жыл; Чоюн Өмүралиевдин 70 жыл;акын А.Токтомушевдин 110 жыл; Драматург Т. Абдымомунов 100жылдык туулган күндөрүнө, Бүткүл дүйнөлүк эне тили күнү; «Мекен сакчысы-жоокер»; Мамлекеттик туунун 30жылдыгы; «Манас-кыргыз элинин улуу мурасы»; Биз СПИДке каршыбыз! ;Зордук зомбулукка жол бербе!; Туризимди өнүктүрүү-өлкөнү өнүктүрүү; «Кургак учук-айыга турган оору»; «2022-жыл тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» ; «Китептер жансыз,ишенимдүү достор» аттуу темалар боөнча китеп көргөзмөлөр, банерлер, слайддар, оюндар, жөө жүрүштөр уюштурулуп кызыктыруучу белектер жана сый тамактар берилди. Алыш жана Кенеш айылдык китепканаларына  жергиликтүү бюджеттен 20000 сомго китеп алынып берилди. Дөбөлү айылындагы китепкананы калыбына  келтирүү максатында ремонт иштери жүрүп жатат.

Дөбөлү айыл аймагынын маданият үйлөрүнүн кызматкерлери тарабынан 2022-жылда «Эс алуун кандай замандаш»; «Кана эмесе жигиттер»; «Дүйнөгө ак калпагым менен таанылам»; «Эл дөөлөтү-эне тил»; «Устат-шакирт»; «Карысы бардын –ырысы бар»; «COVID-19 пандемиясын бирдикте гана жене алабыз!» жана ошондой эле дааталу күндөрдө концерттер, оюн-зооктор, слайддар, жөө жүрүштөр, көргөзмөлөр уюштурулуп, белектер жана сый тамактар берилди.

Тил күнүнө карата «Эл дөөлөтү-эне тил» аталыштагы райондук денгээлде конкурс болуп алдынкы оорунга ээ болдук.

Нарын райондук маданият бөлүмү жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери менен бирдикте «Салкын-Төр» эс алуу жайында Нарын телерадио компаниясы тарабынан жаны жылдык «Эки бир тууган» аталыштагы жомок тартылды.

2 маданият үйү; 3  китепкана, 1 музей бар.

   –  2022 жылга. музейге демөөрчү  болуп Калназаров Кайып  агайдын  балдары  тарабынан  350000 сомго  ички ремонт  иштери өткөрүлдү .К.Калназаров ысымы музейге берилип, райондук денгээлде семинар өттү.

«Шырдак фестивалы», «Этно айыл» фестивалдары райондук иш чаралар болуп өттү.

Дөбөлү  айыл аймагындагы   китепканалардын  Кыргыз эл акыны Б. Сарногоевдин 90жыл; Чоюн Өмүралиевдин 70 жыл;акын А.Токтомушевдин 110 жыл; Драматург Т. Абдымомунов 100жылдык туулган күндөрүнө, Бүткүл дүйнөлүк эне тили күнү; «Мекен сакчысы-жоокер»; Мамлекеттик туунун 30жылдыгы; «Манас-кыргыз элинин улуу мурасы»; Биз СПИДке каршыбыз! ;Зордук зомбулукка жол бербе!; Туризимди өнүктүрүү-өлкөнү өнүктүрүү; «Кургак учук-айыга турган оору»; «2022-жыл тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» ; «Китептер жансыз,ишенимдүү достор» аттуу темалар боөнча китеп көргөзмөлөр, банерлер, слайддар, оюндар, жөө жүрүштөр уюштурулуп кызыктыруучу белектер жана сый тамактар берилди. Алыш жана Кенеш айылдык китепканаларына  жергиликтүү бюджеттен 20000 сомго китеп алынып берилди. Дөбөлү айылындагы китепкананы калыбына  келтирүү максатында ремонт иштери жүрүп жатат.

Дөбөлү айыл аймагынын маданият үйлөрүнүн кызматкерлери тарабынан 2022-жылда «Эс алуун кандай замандаш»; «Кана эмесе жигиттер»; «Дүйнөгө ак калпагым менен таанылам»; «Эл дөөлөтү-эне тил»; «Устат-шакирт»; «Карысы бардын –ырысы бар»; «COVID-19 пандемиясын бирдикте гана жене алабыз!» жана ошондой эле дааталу күндөрдө концерттер, оюн-зооктор, слайддар, жөө жүрүштөр, көргөзмөлөр уюштурулуп, белектер жана сый тамактар берилди.

Тил күнүнө карата «Эл дөөлөтү-эне тил» аталыштагы райондук денгээлде конкурс болуп алдынкы оорунга ээ болдук.

Нарын райондук маданият бөлүмү жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери менен бирдикте «Салкын-Төр» эс алуу жайында Нарын телерадио компаниясы тарабынан жаны жылдык «Эки бир тууган» аталыштагы жомок тартылгандыгын кенири  айтып, отчеттон  кийин  суроо  жоопко берилди.

Ж. Абдыканов – Жыл  сайын айыл өкмөттүн  отчетун  угууга  мекеме  жетекчилер  келет. Келген сайын свет  боюнча  маселе  кылам  эч кандай  жыйынтык  чыкпай  келет. Борбордук  көчөнүн трансформаторун  жаны  коюп  берем  дегенсиздер быйыл  дагы  коюлган жок.

Нарын  районунун  Тянь-Шань РЭСтин  өкүлү  2023-жылдын  планына  кирди  быйыл  созсүз  коюлат.

Ч. Бекташов –   Алыш  айылына социалдык  мекемелер  баардыгы  бар.  Бүгүнкү  күндө  Маданият  үйү  жок  болуп  жатат. Маданият  үйүн курууга долбоорлорго  сунуштасаныздар жакшы  болмок.

Ж. Курманов– Кенеш айылында мектептин  баш  жагындагы жашоочулардын  турак  үйлөрүнүн  светтери чырак болууда.  Күчтүү трансформаторго  кошсо  болобу?

Р. Жумабаев– Сейил-Булак участкасындагы  жерлерди Нарын  райондук  мамлекеттик  администрациясы  трансформация  кылып  ишкерлерге  качан  бересиздер.

Көмүрдун  баасы  туруктуу  болбой  жатат. Бүгүнкү  күндө  көмүр  келбей жатат.

Т. Кулешов – Сейил-Булак участкасындагы  жерлер  трансформация  болгон. Аукционго  коебуз.  Аукционго  катышыныздар. Аукциондун  жыйынтыгы  менен берилет.

Көмүр  боюнча  Кара-Кечеден  кезексиз  көмүр жүктөп  алык  чыкканга сүйлөшүүлөрдү  жүргүзгөнбүз.  Айылдын  камаздарды  барса  биз  айтып  коебуз.  Эгерде  машиналар  жок  болсо  тартып келген  ишкерлер  менен  сүйлөшүп  жибергенге  аракет  кылабыз.

Р. Шаршембаева – Алыш айылынын  таза  суусу  боюнча  былтыр  дагы  кайрылгам.  Быйыл  дагы  кайрылып  жатат.  Ар кайсы  жеринен  тешилип  коопсуздукту  жаратууда. Таза  сууну  кандай  кылабыз.

АРИСтин  экинчи  траншына  кирген. Экинчи траншты  күтүп тура бербестен. Туркиянын ТИКИ кайрымдуулук  фондуна  сунуштадык.   Акча  маселеси  чечилсе  эле  Алыш айылынын  таза  суусу  оңдолот.

Нурмамбетов–  Кенеш айылынан  там  курууга  жер  берилеби.

Кенеш  айылында  Ген  план  жасатууга Нарын облусунун өнүктүрүү  фондуна  сунуштадык. Ген план даяр  болсо  эле  комиссия  менен  биргеликте социалдык  абалына  жараша  каралат. Бүгүнкү  күндө  даяр  жер жок.

Дөбөлү  айыл  аймагынын   айыл  өкмөт  башчысы    А. Бектемировдун   жергиликтүү  өкүлдөрдүн  жыйынында    Дөбөлү айыл   аймагынын  2022-жылда аткарган    иштерин  угуп,  талкуулап, Дөбөлү    айыл  аймагынын  айыл  тургундары  менен  өткөрүлгөн жыйын   токтом  кылат:

 

1.Дөбөлү  айыл  аймагынын   айыл  өкмөтүнүн   2022-жылдагы   аткарылган  иштери     канаттандыраарлык  деп  табылсын.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнүн 2023-жылдагы   иш  милдеттери  аткарууга  алынсын.

 

  1. Дөбөлү айыл  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  2023-жылдагы   иш  милдеттерге  айыл  тургундарынын  аткарууга  алынуучу кошумча  сунуштары   иш  планга  киргизилип  аткарууга  алынсын.

 

4.Дөбөлү айыл аймагынын  Кенеш, Алыш, Дөбөлү  айылдарындагы  электр  энергия   боюнча  көйгөйлөр  2023-жылдын  планына  киргизилип,  Нарын  райондук  Тянь-Шань  электр тармагына  аткарууга  милдеттендирилсин.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын 2023-жылы   түнкү  рейдтердин  уюштулушу  жана   көчмө  кабылдамалар  менен  айыл  тургундардын  көйгөй  маселелерин   жеринде  чечүү  үчүн  үзгүлтүккө  учуратпай   убагында  аткарууга  алынсын.

 

 

 

 

Башчы                                                                          А. Бектемиров

 

 

Катчы                                                                           Ж. Касымова                                                                       

Leave a Reply