Дөбөлү айыл аймагындагы “Аруу-Тилек” “Бала-Нур” “Небере” “Кайыңды келечеги” Э. Сопуев атындагы бала бакчасы, “Эки-Нарын келечеги” “Орук-Там келечеги” балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелер тарабынан тамак-ашына болгон бир айлык мүчөлүк акысы жөнүндө

 

28-август  2024-жыл                                                                                                                                                               Дөбөлү  айылы

 

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 24-сессиясынын

    №24/5 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагындагы “Аруу-Тилек” “Бала-Нур” “Небере” “Кайыңды келечеги” Э. Сопуев атындагы бала бакчасы, “Эки-Нарын келечеги”      “Орук-Там келечеги” балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелер тарабынан тамак-ашына болгон бир айлык

мүчөлүк акысы   жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат” деп көрсөтүлгөндүктөн мыйзам чегинде иш алып баруу максатында Дөбөлү айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат” деп көрсөтүлгөндүктөн Дөбөлү айыл аймагындагы “Аруу-Тилек” “Бала-Нур” “Небере” “Кайыңды келечеги” Э. Сопуев атындагы бала бакчасы, “Эки-Нарын келечеги” “Орук-Там келечеги” балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелер тарабынан тамак ашына болгон бир айлык мүчөлүк акысы 2024-жылдын 2-сентябрынан баштап 1000 (миң) сом өлчөмүндө   бекитилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                       К. Субанбеков

Leave a Reply