Дөбөлү айыл аймагында 2024-жылы дан катары себилген 428 га арпанын 347 га жер аянты чөпкө тоют катары чабылгандыгы жөнүндө

 

28-август  2024-жыл                                                                                                                                                           Дөбөлү  айылы

 

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 24-сессиясынын

    №24/8 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагында 2024-жылы дан катары себилген 428 га арпанын

347 га жер аянты чөпкө тоют катары чабылгандыгы  жөнүндө

 

2024-жылы жаз айлары суук жана жаанчыл болгондугунан жана бышпай калуу коркунучунан улам жергиликтүү дыйкандар дан эгиндерин чөпкө тоют катары чабышкандыгына байланыштуу   Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагында быйыл 2024-жылы жазгы айдап себүүдө 428 га дан эгиндеринен жалпы 347 га арпа жер аянты, быйыл 2024-жылы аба ырайы кеч жылып, жаанчыл болгондуктан дан эгиндин бышпай калуу коркунучунан улам дыйкандар дан эгиндеринин бышпай калуусунан кооптонуп тоюттун аздыгына байланыштуу чөпкө тоют катары чабышкан. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн комиссиясынын 2024-жылдын 29-августундагы түзүлгөн актысы бекитилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                         К. Субанбеков

 

 

Leave a Reply