10-декабрь 2024-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIX-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясынын
№2/10 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылынын кулуну Байбосунов Белектин ысымын жаңы курулган мечитке ыйгаруу жөнүндө
Алыш айылынын жергиликтүү тургундардын сунушунун негизинде Дөбөлү айылдык кеңештин сессиясынын чечими менен ыйгаруу мүмкүнчүлүгү берилгендиктен Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылынын кулуну Байбосунов Белектин ысымын Алыш айылындагы жаңы курулган мечитке ыйгаруу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Алыш айылынын жергиликтүү тургундардын сунушуна ылайык Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылынын кулуну Байбосунов Белектин ысымын Алыш айылындагы жаңы курулган мечитке “Белек ата” атындагы мечити деп ыйгарылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев