Бириктирилген Дөбөлү айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө

 

18-апрель  2024-жыл                                                                                                                                                                 Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 20-сессиясынын

    №20/1    Токтому

Бириктирилген Дөбөлү айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө

                        Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Дөбөлү айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Дөбөлү айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

  1. Дөбөлү жана Орток айыл аймактарын бириктирип, Дөбөлү айылын административдик борбор деп аныктоо менен Дөбөлү айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин.
  2. Бириктирилген Дөбөлү айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
  3. Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                                                                                              К. Субанбеков

Leave a Reply