Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш жана Таш-Башат айылдарында жайгашкан карьерден инерттик материал алууга макулдук берүү жөнүндөгү №23/1 токтому

 

28-апрель  2026-жыл                                                                                                                    Дөбөлү  айылы

 

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 23-сессиясынын

№23/1 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын Кеңеш жана Таш-Башат айылдарында жайгашкан карьерден инерттик материал алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49  “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2026-жылдын 28-апрелиндеги №02.2-3/384  катынын негизинде Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 35-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын Нарын-Орук-Там унаа жолунун 9,5-15,5 жана 23-30 чакырым аралыктарына асфальт төшөө жумуштарына карата Кеңеш жана Таш-Башат айылдарында жайгашкан карьерден инерттик материал (кум шагыл аралашмасын) алууга макулдук берилсин.

 

  1. Нарын-Орук-Там унаа жолун асфальт төшөө жумуштары аяктагандан кийин Кеңеш жана Таш-Башат айылдарында жайгашкан карьерди рекультивация иштерин жүргүзүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасына тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  К.Кудайбергеновго  милдеттендирилсин.

   

 

Төрага                                                                                                                                                               Б.Шералиев

 

Жооп калтыруу