6-март 2023-жыл Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын 25/1 Токтому Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин жыл башында калган бюджеттик каражатын пайдалануу жөнүндө

6-март 2023-жыл                                                                                                                                    Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын

25/1 Токтому

 

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин жыл башында калган бюджеттик каражатын пайдалануу жөнүндө

                    Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жыл башында калган бюджеттик каражатын пайдалануу боюнча А.Бектемировдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинде жыл башына калган каражаттын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгү 1618,1 миң сом көлөмүндө бекитилсин.

2.Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын.

-“Жаратылышты өнуктүрүү фонду” аркылуу Дөбөлү айыл аймагында мусордук

полигондордун тегерегин тосууга каржыланып жаткан проектке өздүк салым катары

500,0 миң сом;

– .”Дөбөлү айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга стратегиялык өнүктүрүү планынын” негизинде Дөбөлү айыл аймагында сугат каналдарын ремонттоого 100,0 миң сом;

 -.”Дөбөлү айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга стратегиялык өнүктүрүү планынын” негизинде “Коопсуз айыл” программаеын ишке ашыруунун алкагында Дөбөлү айыл аймагынын кире беришине видеокөзөмөл орнотууга 100,0 миң сом;

-“Жашыл долбоор” программасынын негизинде Нарын токой чарбасы аркылуу берилген

көчөттөрдүн жалпы баасынын 50% тин келишим боюнча төлөп берүү үчүн 26,0 миң сом;

– Республикадан бөлүнгөн капиталдык салымдар аркылуу бүткөрүлүп жаткан Токтосунов атындагы орто мектептин капиталдык ремонтуна кошумча акча каражаты бөлүнүп жаткандыгына байланыштуу  ПСД сын жаңыртып түзүүгө 150,0 миң сом;

– Токтосунов атындагы орто мектептин имаратынын электр жабдууларын капиталдык ремонттон өткөрүүгө дем берүүчү (үлүштүк) гранттын өздүк салымы үчүн 702,1 миң сом;

– Токтосунов атындагы жаиа Алыш орто мектептеринин көмүр каналарын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн резервдик фонддон бөлүнүүчү акча каражатына өздүк салым үчун 40,0 мин сом. Бардыгы 1618,1 миң сом

  1. Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                                                       С. Кадырбеков

 

Leave a Reply