4-декабрь 2023-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 10-сессиясынын
№10/1 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн акча каражатын чыгымдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К. Усуповдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 10-кезектүү сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн 460 000 сом акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
№ | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма (сом) |
1 | 3-декабрь майыптар күнүнө карата | 30 000 |
2 | Туберкулез оорусу менен ооруган 2 адамга | 10 000 |
3 | Тоголок жетим 4 балдарга | 20 000 |
4 | Сыйлыктарга | 7 300 |
5 | Ө. Токтосунов о.м окуучу балдарды ташууга ГСМ | 10 000 |
6 | Орук-Там бала бакчасына керектелүүчү каражат | 60 500 |
7 | Эки-Нарын бала бакчасына керектелүүчү каражат | 27 700 |
8 | Э. Сопуев бала бакчасына керектелүүчү каражат | 35 000 |
9 | Кайыңды келечеги бала бакчасына керектелүүчү каражат | 104 900 |
10 | Небере бала бакчасына керектелүүчү каражат | 81 300 |
11 | Бала-Нур бала бакчасына керектелүүчү каражат | 50 800 |
12 | Аруу-Тилек бала бакчасына керектелүүчү каражат | 22 500 |
Жалпы | 460 000сом |
- Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.
- Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн dobolu.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж. Касымова милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдеттендирилсин.
Төрага К. Субанбеков