28-февраль 2024-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 16-сессиясынын
№16/3 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык атайын акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык атайын акча каражатынын көлөмү 806, 9 сомго бекитилсин.
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык атайын акча каражатынан 803,0 сомго төмөндөгүдөй муктаждыктарга жумшалсын.
№ | Мазмуну | Сумма |
1 | «Ак-Бел» муниципалдык ишканасына | 644,6 |
2 | Бала-Нур бала бакчасы | 13,5 |
3 | Аруу-Тилек бала бакчасына | 58,1 |
4 | Э. Сопуев бала бакчасына | 45,5 |
5 | Орук-Там келечек бала бакчасына | 41,3 |
Баары | 803,0 |
- Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.
- Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн dobolu.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж. Касымова милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдеттендирилсин.
Төрага К. Субанбеков