28-февраль 2024-жыл Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 16 -сессиясынын 16/6 Токтому Дөбөлү айыл аймагындагы Кайыңды келечеги, Бала-Нур бала бакчаларга кезекте балдар тургандыктан бештен баланы кошуп иш алып баруусу жөнүндө

28-февраль 2024-жыл                                                                                                                                                     Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 16 -сессиясынын

16/6 Токтому

          

Дөбөлү айыл аймагындагы Кайыңды келечеги, Бала-Нур бала бакчаларга  кезекте балдар тургандыктан бештен баланы кошуп иш алып баруусу жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагындагы Кайыңды келечеги, Бала-Нур бала бакчаларга  кезекке турган балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу бештен баланы кошуп иш алып баруусуна макулдук берүү  максатында  токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагындагы Кайыңды келечеги, Бала-Нур бала бакчаларга кезекке турган балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу беш баланы кошуп иш алып баруусуна макулдук берилсин.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагындагы Кайыңды келечеги, Бала-Нур бала бакчаларга кезекке турган балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу бештен баланы кошуп иш алып барууда  Нарын райондук  билим берүү бөлүмүнөн тиешлүү документтерди бүткөрүп иш алып баруу жагы  Бала-Нур бала бакчанын жетекчиси Г. Ишеналиева, Кайынды келечек балдар бакчанын жетекчиси Н. Абдырахмановага тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына  милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                  К. Субанбеков

Leave a Reply