20-ноябрь 2023-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясынын
№9/1 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын жарандардын катышуусундагы талкуулоо боюнча 2023-жылдын 20-ноябрында өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгын эске алып, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 9-кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 токтому жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85 Жарлыгынын алкагында аймактык территориалдык реформа (АТР) ишке ашырылып, жаңы Дөбөлү айыл өкмөтү түзүлүп “Стратегиялык өнүгүү планы” 2024-2028-жылдарга 2023-жылдын 20-ноябрындагы өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгында Дөбөлү айыл аймагынын жарандарынын катышуусунда талкуу боюнча 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планы толуктоо катары киргизилсин.
- Дөбөлү айыл аймагынын 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планындагы коюлган иш чараларды аткаруу жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго жүктөлсүн.
- Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн dobolu.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж. Касымова милдеттендирилсин.
Төрага К. Субанбеков