20-ноябрь 2023-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин
XXVIII-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясынын
№9/3 Токтому
Орток айыл аймагынын айылдык Кенешинин 6-чакырылышындагы кезексиз 29-сессиясынын №1 токтому менен АТРге чейин Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 14-апрелиндеги токтомуна кошумча акча каражатынан бөлүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичинде акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга кошумча акча каражатынан 3111-курулмаларды оңдоого бөлүнгөн 260,0 сомдон аппараттын 3112-жабдууларды сатып алууга 50,0 сом, 2222- жабдууларды сатып алууга 31,2 сомго, 2215-башка кызмат акы төлөөгө 178,8 сомго жылдырылсын.
- Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.
- Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн dobolu.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Ж. Касымова милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдеттендирилсин.
Төрага К. Субанбеков