2-февраль2024-жыл Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз 13- сессиясынын № 13/2 ТОКТОМУ Дөбөлү айыл аймагынын сугат тутумун жакшыртууга өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

2-февраль2024-жыл                                                                                                                                                               Дөбөлү айылы

 

 

Дөбөлү  айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз 13- сессиясынын

№ 13/2  ТОКТОМУ

 

Дөбөлү айыл аймагынын сугат тутумун жакшыртууга өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын каналдарды механикалык тазалоо жана суу бөлүштүрүүчү курулмаларды кууруу боюнча долбоорго өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүүгө байланыштуу Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Дөбөлү айыл аймагында быйыл, 2023-жылы жазгы айдап себүүдө 428 га арпа жана 7 га буудай дан эгин катары себилген, мунун 398 га арпа жана 6 га буудай жалпы 404 га жер аянты быйыл 2023-жылы абаырайы кеч жылып, суунун тартыштыгынан улам дан эгиндин өнүмү начар болду. Ушундан улам дыйкандар дан эгиндеринин бышпай калуусунан кооптонуп жана тоюттун аздыгына байланыштуу чөпкө тоют катары чабышкан. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн комиссиясынын 2023-жылдын 12-сентябрындагы түзүлгөн актысы бекитилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары У.Алсейитовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                     К Субанбеков

 

 

Leave a Reply