15-декабрь 2023-жыл Дѳбѳлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин
XXVIII-чакырылышынын кезексиз 11-сессиясынын
№11/2 Токтому
Дөбөлү айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгын ишке киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” №4 Мыйзамына ылайык 2023-жылдын 1-январынан баштап Дөбөлү айыл аймагына мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Дөбөлү айыл аймагына 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А. Нурмуканбетовага милдеттендирилсин
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Дөбөлү айыл өкмөт башчысы К. Усуповго тапшырылсын.
Төрага К. Субанбеков