15-декабрь 2023-жыл Дѳбѳлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин
XXVIII-чакырылышынын кезексиз 11-сессиясынын
№11/3 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы кошумча акча каражатын бөлүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичинде акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга кошумча 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты АРИС агенствосунун АИД-3 кошумча каржылоо долбооруна таштанды чыгаруучу атайын техника алуу үчүн бөлүнүп берилсин.
- Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.
- Бул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн dobolu.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж. Касымова милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдеттендирилсин.
Төрага К. Субанбеков